• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад: Ала-Бука айылында сүттү кайра иштетүүчү ишкана ачылды

Аймак 0

Бишкек, 07.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында сүттү кайра иштетүүчү "Керемет-Сүт" ишканасы ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкананын ишке кириши менен жергиликтүү фермерлердин сүт азыктарын сатуу маселеси чечилди. Ишканада 6 кызматкер эмгектенет. Жергиликтүү элден күнү-түнү сүт кабыл алып, аны кайра иштетип, быштак, каймак, айран (кефир) жана башка сүт азыктарын чыгарат.

Ала-Бука райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы А.Ибрагимов ишкананын жетекчиси А.Максымбековдун калк арасында сүт маселесин чечип, кошумча жумуш орундарын түзүп элге болгон чоң кызматы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой ал эле жергиликтүү калкты сүт багытындагы ири мүйүздүү мал багууга үндөдү.

Пикир

Оставить комментарий