• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад: Арал постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 17.01.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 198-270-чакырымдарында кар жаап жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында саат 11:30дан тартып Арал постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.

ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, учурда №23 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жол тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий