• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абад: Аралыктан окутууда 70 окуучуга шарт түзүү каралууда

Аймак 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында да эртең 8-апрелден тарта мектеп окуучулары төртүнчү чейректи өз үйлөрүндө онлайн форматта окуп башташат. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан окуучулардын предметтик сабактары онлайн жаздыруудан өткөрүлдү.

Буга чейин окуучулардын электрондук сабак өтүүгө болгон мүмкүнчүлүктөрү боюнча атайын кароо жүргүзүлгөн. Ага ылайык, калаадагы 70 окуучунун такыр шарты жок экени аныкталган. Азыркы учурда шаардык билим берүү бөлүмү аларга мектептерде орнотулган сыналгы жабдыктары менен камсыздоо аракеттерин көрүүдө.

“Мында Жалал-Абад шаарындагы 20 муниципалдык мектептин 23 миң 458 окуучусу электрондук окутуу режиминде билим алышат. Алардын 1-класстан 4-класска чейинки окуучулар КТРКнын Баластан каналынан, ал эми 5-класстан 11-класска чейинки окуучулар ЭлТР жана Илим Билим каналы аркылуу окутулмакчы. Аны менен бирге даярдалган материалдарды “Мегаком” компаниясы менен бирге түзүлгөн тиркеме аркылуу да окуй алышат. Ал тиркеме Мега 24 деп аталат. Мында мугалимдер менен бирге окуучуларга акысыз симкарталар таратылат дейт”, - Калчаев.

Бул чечимди Билим берүү министрлиги коронавирус илдетинин өлкөдө жайылуу коркунучун алдын алууда жарыялаган өзгөчө абалдагы чектөө эрежелерине ылайык тандап алган. Мында окуучулар менен бирге мугалимдердин да жаңы технологияларды колдонуу жөндөмдүүлүгү маанилүү.

Көрсөтүлүүчү окуу программалары канчалык түшүнүктүү болуп жаткандыгын мугалимдер менен окуучулар Zoom, Telegram жана WhatsApp программалары аркылуу кайтарым байланышта кабардар болуп турушат.

Пикир

Оставить комментарий