• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен кызматташууну күчөтөт

Аймак 0

Бишкек, 20-июль /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийликтери Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун долбоорлору менен кызматташтыкты тереңдетүү аракеттерин көрүп жатышат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын кичи жыйындар залында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ВОЗ) Кыргызстандагы кеңсесинин «Саламаттыкты сактоо маселелериндеги башкаруу» программасынын жетекчиси Моника Косинская жана консультант Адам Тилоини менен Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев, социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айзат Раматиллаева менен бирге болгон жолугушууда бул тууралуу сөз болду. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргызстандын 2020-жылга чейинки стратегиясын ишке ашыруу жөнүндө кеңири сукбатташышты.

"Мындай маанилүү долбоордун негизинде жүзөгө ашып жаткан программалар шаарда биринчи жолу болуп жатат. Бүгүнкү күнү Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ВОЗ) Кыргызстандагы кеңсесинин «Саламаттыкты сактоо маселелериндеги башкаруу» программасынын жетекчилери келип, алар менен маңдай-тескей отуруп алып сүйлөшүүбүз биз жана шаарыбыз үчүн абдан маанилүү. Бул программа Орто Азияда жалгыз гана Астана шаарында уюшулган. Ал эми алдыда булардын “Коопсуз шаар” программасынын негизинде бизде иш алып баруу жөнүндө талкуу жүрдү. Эгер мына ушул программалар жүзөгө ашып калса, шаар тургундарына бир топ жеңилдиктер болот. Мисалы, таза суу маселеси, ички жана сырткы мигранттардын ар кандай ооруларды ташып алып келиши боюнча көйгөйлөрдү чечүү жаатында активдүү иштер жүрөт. Эгер мына ушулардын баары ишке ашып калса, шаарыбыз жана шаардыктар үчүн абдан көп маселелер чечилип калат", - дейт. Т. Темирбаев.

Бул жолугушууда тараптар саламаттыкты сактоо жана коопсуз жашоо маданиятын калыптандыруу багытында дагы да чогуу аракеттерди жасоо зарылдыктары бар экенин белгилешти жана келечекте бул багыттарда чогуу аракет кыла тургандыктарын убадалашты.

Пикир

Оставить комментарий