• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жалал-Абад: Бала бакчалардын иштөөсүнө уруксат берилет

Аймак 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жеке менчик бала бакчалардын иштөөсүнө шаардык штаб тарабынан уруксат берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бала бакчаларга санитардык эрежелерди так сактоо менен бир тайпада балдардын санын 12ден ашырбоо талабы коюлду.

Ал эми муниципалдык бала бакчаларды кийинки жумадан ачуу пландалууда. Оорунун жайылуусунун алдын алуу максатында балдардын санына чектөө киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий