• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад: Балдарга мектептен сырткары тарбия берүү күчөтүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.11.17 /Кабар/. Жалал-Абадда мектептен сырткары билим берүү мекемелеринин жетекчилери арасында “Кошумча билим берүү - бүгүнкү күндүн талабы” аталышында семинар өткөрүлүп, ага мектептен сырткары тарбия берүү багытында иштеген мугалимдер катышышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Семинар Жалал-Абад шаарындагы “Ариет” балдар чыгармачылык борборунда өткөрүлүп, мугалимдер өз ара тажрыйба алмашуу менен бирге балдарга жаштайынан туура кесип тандоо жана алардын бош убактысын туура пайдалануу багытында сунуштар айтылды

Аталган борбордун жетекчиси Жыпар Аманкулованын айтымында, семинардын негизги максаты - балдарга жаштайынан туура багыт көрсөтүү жана балдар менен кантип иштешүү. Ошону менен гана чектелбестен мындан ары мугалимдер да өз ара тыгыз иштешип өз тажрыйбаларын балдардын пайдасы үчүн бөлүшүп туруу. Семинардын алкагында “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун окуучулары тарабынан уюштурулган “Таланттуу балдар-келечек ээлери” аттуу концерттик программасы семинардын катышуучуларына тартууланды. Ошондой эле жаш балдарды өзү кызыккан багытка кантиптарбиялоо керектиги практика жүзүндө көрсөтүлдү. Анда, бий, спорт жана орус тили боюнча кыскача көрүнүштөр чагылдырылды.

Эскерте кетсек, аталган борбордо 4 багытта: интелектуалдык, кол өнөрчүлүк, көркөм сүрөт, музыкалык жана спорттук багыттардабалдардын жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү боюнча иш алып барылат. Быйылкы жылдын эсебинен 1135 бала тарбияланууда.

Пикир

Оставить комментарий