• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад: “Басмач” каймана аттуу жаран кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 13.09.19. /Кабар/. “Басмач” каймана аттуу жаран кармалды, - деп билдирет Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрында болжол менен саат 16:00дө эки бейтааныш жаран Жаңы-Базар айылында бараткан оор жүк ташуучу унаанын айдоочусун себепсиз токтотуп, жеңил автоунаа менен жолду бууп коюшкан. Оор жүк ташуучу унааны Ала-Бука районунун 1985-жылкы Т.И., аттуу жараны башкарып келе жаткан.

"Жолду буугандардын бири өзүн "Болот" деп тааныштырып, айдоочудан аталган жолдо жүргөндүгү үчүн он миң сом талап кылган. Ошентип айдоочуну 3-4 саат жолдо кармап турушкан", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө окуяга шектүү катары мурда үч ирет соттолгон, уюшкан кылмыштуу топко (УКТ) тиешеси бар делгени"Басмач" аттуу каймана аттуу Чаткал районунун 1989-жылкы У.Б., аттуу тургуну кармалган. Ошондой эле 1997-жылкы С.Д., аттуу жаран кармалды. Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, эки айга камалышты.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги териштирилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий