• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад: Базарларга беткапсыз кирүүгө болбойт

Аймак 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы бардык базарларга беткап менен гана кирүүгө болот. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тийиштүү тармактардан өкүлдөр жарандардын арасындагы беткап режимин көзөмөлдөө үчүн базарлардын кире бериштерине турат.

Менчигинин түрүнө карабай бардык базарлардын кирүүчү бөлүктөрүнө антисептикалык жана дене табын өлчөөчү каражаттар коюлат.

Бул багытта вице-мэр Руслан Алтымышев базар жетекчилерине жолугуп, тийиштүү маселени жеткирди. Учурдагы күчөп жаткан оорунун алдын алууда көмөктөш болууга чакырып, зарыл болгон аракеттерди тез убакытта ишке ашырууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий