• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад: Бир катар көчөлөрдө газ берүү убактылуу токтотулат

Аймак 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/ Эртең, 18-август күнү саат 09:00дөн 17:00гө чейин Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкармалыгындагы Жеңи-Жок көчөсүндө, Манас проспектисинде газ берүү токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын «Жалалабатгаз» филиалы билдиргендигин, мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аймактарда газ түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.

«Жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз», - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий