• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Жалал-Абад биримдиги” кыймылы 10 кычкылтек концентраторуна акча топтоп, буйрутма берди

Аймак 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Азыркы кырдаалдан улам түзүлгөн “Жалал-Абад биримдиги” кыймылы 4 күндүн ичинде 10 даана кычкылтек концентраторуна акча топтоп, буйрутма беришти. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган кыймыл андан тышкары күн-түн иштеп жаткан дарыгерлерди тамак-аш менен камсыздап жатат. Ошондой эле, концентраторлор келгенче убактылуу пайдаланууга жарай турган газ баллондон дем алдыруучу аппарат жасап чыгышты.

Жалал-Абад шаардык мэриясы демилгелүү жаштарга ыраазычылык билдирет.

Элдин саламаттыгына кам көрүп, салым кошкуңуз келсе сизди катарыбызга чакырабыз!

Сбербанк: 4817 7601 2751 0570
Элсом: 0707878734

Пикир

Оставить комментарий