• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад: Борбордук базарда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 19.10.20 /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, базарда бүгүн саат 06:00дөн баштап шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан дезинфекция иштери жүрдү.

Белгилей кетсек, жумасына бир ирет бардык базарлар график боюнча залалсыздандырылып, саат 10:00гө чейин иштебейт. Дезинфекциялоо иштери базарлардын менчигинин түрүнө карабай ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий