• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад: Борбордук базарда өрт чыкты

Кырсык 0


Бишкек, 13.04.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жайгашкан борбордук базарда өрт катталган,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы. Өрт тууралуу билдирүү түнкү саат 02:00дөр чамасында түшкөн.

Маалыматка ылайык, Өрттүн жалпы болжол менен 1 344 чарчы метр аянтты түздү.

“Тартылган күчтөрдүн жардамы менен саат 03:17де өрт чектөөгө алынып, саат 06:27де толугу менен өчүрүлгөн”,-деп айтылат маалыматта.

Алдын ала билдирүүгө ылайык жабыркагандар жок. Учурда өрттүн себеби жана келтирилген чыгымдары такталууда.

Пикир

Оставить комментарий