• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы көзөмөлгө алынат

Аймак 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-январь күнү Жалал-Абад шаардык мэриясында ыкчам штаб өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйында жарандарды эмдөөдөн өткөрүүнү тездетүү жана менчигинин түрүнө карабай мекеме-ишканаларда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын көзөмөлгө алуу жагы тийиштүү жетекчилерге милдеттендирилди. Ошондой эле шаар аймагында COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны өсүп жатканы, буга жарандардын эмдөөдөн өтпөгөнү себеп экендиги белгиленди.

Учурда шаар аймагында коронавируска каршы вакцинанын 3-дозасы менен эмдөө жүрүп жатат. Дарыгерлер мекеме-ишканаларга барып, жеринде эмдөө жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында жыл башынан бери 20 жарандан COVID-19 аныкталды. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине карата 16 учурга көп.

Пикир

Оставить комментарий