• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда өрткө каршы түшүндүрүү иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 17.08.19. /Кабар/. ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын райондук бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан дан эгиндерин жыйноо өнөктүгү бүтө элек аймактарда өрткө каршы иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.

2019-жылдын 15-августу күнү жогорудагыдай иш-чара Тогуз-Торо районунда жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө кылкандуу дан эгиндерин жыйноо өнөктүгүнө катышкан айыл чарба техникалардын ээлерине, дыйкандарга өрткө каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Учурда облус аймагында 1 893 га жыйналуучу кылкандуу дан эгиндер аянты калды.

Өрткө каршы жүргүзүлгөн иш-чараларга карабастан, ушул кезге чейин Жалал-Абад облусунун аймагында кылкандуу дан эгиндер аянттарында 3 жолу өрт кырсыгы катталып, натыйжада 0,92 га аянттагы орула элек кылкандуу дан эгиндери жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий