• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад: Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуу балдар смартфон менен сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Жалал-Абадда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуу балдар смартфон менен сыйланды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов 1-июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулган онлайн сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрүн куттуктап, белектерин тапшырды.

Сынакка облус боюнча 34 талапкер катышып, эң мыкты 12 балага смартфон уюлдук телефондору, башкаларына баалуу китептер, глобустар, кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Кырдаалга байланыштуу белек тапшыруу аземине бардык катышуучулар чакырылган жок. Айрым жеңүүчүлөрдү өкмөт өкүлү телефон аркылуу куттуктап, бактылуу балалык каалады.

Пикир

Оставить комментарий