• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад: “Ден соолук–2018” спартакиадасынын жыйынтыгы чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 15.01.18 /Кабар/. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучуларыжана кызматкерлери арасында өткөрүлгөн “Ден соолук – 2018” аталышындагы кышкы спартакиадасынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

ЖАМУдан билдиришкендей, жеңүүчүлөргө ректорат сыйлыктарды тапшырды. Мыктылар Ысык-Көл облусунда болуучу “Ден соолук–2018” спартакиадасына катышуучулар жолдомо алышты.

Спартакиадага окуу жайдын 360дан ашуун кызматкерлери катышып, спорттун алты түрү боюнча 9 команданын ортосунда таймаш жүрдү: алар - кичи футбол, стол үстүндөгү теннис, тогуз коргоол, шахмат, аркан тартыш жана волейбол оюндары.

Оюндун жыйынтыгы чыгарылып, жалпы командалык биринчи орунду Жалал-Абад колледжи ээлеп, 10000 (он миң) сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Ошондой эле 2-орунду Медициналык колледж багындырып, 9000 (тогуз миң) сом ыйгарылды. Ал эми 3-орунду ректорат багындырып, 8000 (сегиз миң) сом алса, төртүнчү орун Педагогикалык факультетине берилип, 7000 (жети миң) сом акчалай сыйлык алышты. Андан сырткары, калган катышуучу командаларга 2000 (эки миң) сомдон кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

ЖАМУнун ректору Кеңешбек Үсенов оюнчуларды спорттук майрамы менен куттуктап, аларга ден соолук каалап өттү.

“Ден соолук–2018” спартакиадасы университеттин жалпы жамаатынын ортосундагы биримдикти, ынтымактуулукту чыңдайт. Биримдикке жараша ийгиликтер, жетишкендиктер жаралат. Ушул жылы окуу жайдын 25 жылдык мааракеси болот. Юблейде да спорттук оюндар уюшулат, иш чарага башка жогорку окуу жайлардан келген катышуучулар менен таймаш өткөрүп, ийгиликтерге жетебиз”, – деген оюн билдирди ал.

Ал эми бул мелдештердин жыйынтыгы менен мыктылардын мыктысы тандалып, 2018-жылдын июнь айында Ысык-Көл облусунда болуучу “Ден соолук–2018” спартакиадасына катышуучулар жолдомо алышты.

Пикир

Оставить комментарий