• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад: Эл аралык университеттин чейрек кылымы белгиленип жатат

Аймак 0

Бишкек, 12.05.18. /Кабар/. Жалал-Абаддагы Эл аралык университеттин түптөлгөнүнүн 25 жылдыгы белгиленип, окуу жайынын негиздөөчүсү, биринчи ректору жана президенти, илимдин доктору жана профессор, 70 жылдыгы белгиленип жаткан Токтомаматов Кантөрө Шариповичтин ысымы ыйгарылды. Мындан ары окуу жайы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университет деп аталат.

Бул маанилүү окуяга байланыштуу бүгүн аталган окуу жайына Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, ар кайсы министрликтер менен ведомстволордун, Жалал-Абад областынын жана район-шаарларынын, өлкөдөгү жогорку окуужайларынын жетекчилер, окумуштуулар, чет элдик коноктор, К.Ш.Токтомаматовдун үй-бүлө мүчөлөрү жана туугандары, окуучулары менен шакирттери, коомчулуктун өкүлдөрү келишти.

Окуу жайга К.Ш.Токтомаматовдун ысымын ыйгаруу жана анын ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн ага арналып тургузулган эстеликти ачуу аземин окуу жайынын ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков ачты. Ал эми К.Ш. Токтомаматовдун бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков окуу жайынын жамаатына К.Ш. Токтомаматовдун ысымын түбөлүккө калтыруу аракеттери үчүн ыраазылык билдирди.

Жаңы ысымдуу окуу жайын жана тургузулган эстеликти ачуу тасмасы кыркылып, келген коноктор окуу жайынын фойесиндеги К.Ш. Токтомаматовдун эстелигине гүлчамбарларды коюшту жана анын өмүрүн, эмгек жолун, жетишкен ийгиликтерин чагылдырган көргөзмө менен таанышышты. Андан соң, окуу жайынын чоң жыйындар залында окуу жайдын жана анын туңгуч ректору, президенти К.Ш. Токтомаматовдун таржымалына арналган салтанаттуу отурум башталып, ага катышкандар К.Ш. Токтомаматовго арналган тарыхый-документалдуу тасманы көрүштү. Салтанатта окуу жайынын өлкөдөгү алган орду жана К.Ш. Токтомаматовдун жасаган эмгектери тууралуу кеп жүрдү.

Түшкү сый-тамактан кийин Жалал-Абад шаарына алыстан ат арытып келген коноктор үчүншаарга саякат уюштурулду.

Эртең, 13-май күнү окуу жайда К.Ш. Токтомаматовдун 70 жылдыгына, окуу жайынын түптөлгөнүнүн 25 жылдыгына арналган “Илимий изилдөөлөр: илимдеги, билим берүүдөгү жана технологиядагы изилдөөнүн заманбап жаңылыктары” атуу “1-Токтомаматов окуулары” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт.

Пикир

Оставить комментарий