• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад: Элди алдап кайырчылык кылып жүргөндөр аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. Жалал-Абад облустук милиция кызматы тарабынан коомдук жайларда жарандарга терс таасирин тийгизип, борбордук көчөлөрдө авто тыгындарды, ыңгайсыздыктарды жаратып, тилемчилик менен алектенгендерге карата "Укук жана тартип" аталышындагы рейд өткөрүлүүдө.

Милиция кызматы тарабынын шаар аймагында коомдук тартипти сактоо, кылмыштардын жана жоруктардын алдын алуу, ошондой эле кылмыш жасоого көмөк көрсөткөн себептерди аныктоо, аларды жоюу максатында рейд жүрүүдө.

"Алардын өздүгү аныкталган. 24 жаштагы кыз улгайган кемпирдин кийимин кийип, жүзүн жаап, кайырчылык кылып жүргөндүгү белгилүү болду. Ал эми 46 жаштагы аял Жалал-Абад шаарындагы асма көпүрөдө “менин эжем рак оорусу менен ооруйт” деген жалган маалымат камтылган баракчаны көтөрүп тилемчилик кылаары такталды", - деп билдиришти Жалал-Абад облустук милициясынан.

Рейд учурунда кармалган жарандардын бармак издери алынып, Жалал-Абад шаардык Ички иштер башкармалыгына каттоого алынган. Тиешелүү материалдар топтолуп, айыппулдар салынды.

Мындан сырткары көчөдө мас абалында баласына көңүл бурбай жүргөн бир аял аныкталып, анын 8 жаштагы баласы Жалал-Абад шаардык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн адистери менен биргеликте “Ак-Жол” балдарды коргоо бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад милиция кызматы тарабынан өткөрүлүп жаткан "Укук жана тартип" рейди 7-декабрга чейин улантылат.

Пикир

Оставить комментарий