• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад: Энергетика кышка даяр

Аймак 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ачык акционердик коомунун Жалал-Абаддагы кеңсесинен жамааты өздөрүнө берилген энергетика тармагын күзгү-кышкы сезонго талаптагыдай даярдап жатышат. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын жетекчиси Асылбек Машрапов билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылдын 8 айынын ичинде 34 көмөк чордондордо жана 50 чакырым электр өткөрүү линияларында капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрдү. Анан да 38 көмөк чордондор менен 488 чакырым электр өткөрүү линияларында утурумдук оңдоп-түзөтүү иштери алып барылды. «Кристалл-Таш-Көмүр ГЭСи-2» багыты боюнча 220 кВ чыңалуудагы электр өткөрүү линиясында тийиштүү жабдуулар алмаштырылып, Таш-Көмүр ГЭСиненэлектр кубатын толугураак, кубаттуураак өткөрүү мүмкүндүгү жаралды.

Алдын ала түзүлгөн пландар боюнча областты электр менен камсыз кылуунун объекттерин этап-этабы менен модернизациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Алсак, 220 кВ чыңалуудагы “Төрөбаев” көмөк чордонунда май өчүргүчтөрүн элегаз өчүргүчтөрүнө алмаштыруу ишке ашырылды. Айрыкча областтын калкын электр тогу менен талаптагыдай үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатындаэлектр тогунун тосулуп (жолу бүтөлүп) калбастыгы жана электр линияларынын жогорку ишенимдүүлүгү үчүн линия трассаларын тазалоого өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле 110 кВ чыңалуудагы «КГЭС-Городок», 500 кВ чыңалуудагы «ТГЭС-Фрунзенская» жана “ТГЭС-Датка», 220 кВ чыңалуудагы «КГЭС-Датка», 110 кВ чыңалуудагы «ҮрҮмбаш-Жетиген» аба чубалгыларына бара турган жолдор, кире бериштери оңдоо-түзөө иштеринен өткөрүлдү. “Төрөбаев», «Нижняя», «Тепличная», «Избаскент», «Ак-Коргон», «Городок», «Абасбеков» көмөк чордондору жайгашкан жайлардагы сел каналдары тазаланып, 500 кВчыңалуудагы «ТГЭС-Датка» линиясынын №116 түркүгү, 110 кВчыңалуудагы «Абасбеков-КАГЭС-2» линиясындагы №72 түркүк бекемделди.

"Жалпысынан айтканда, “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ачык акционердик коомунун Жалал-Абаддагы филиалында жогорку чыңалуудагы электр тармактарын күз-кыш мезгилине карата даярдоо иштери пландуу мөөнөттөрдө жана кырдаалда кетип баратат. Буюрса, кышка карата даярдыктар жагынан бизде эч андай көйгөй болушу мүмкүн эмес. Эмгек жамаатыбыз ошол максатта аракет кылыа жатат", - дейт А. Машрапов.

Пикир

Оставить комментарий