• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад: Эртең шаардын айрым көчөлөрүндө газ берүү токтотулат

Аймак 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Эртең Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө газ берүү токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын «Жалалабатгаз» филиалы билдиргендигин шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдайт.

“Жалал-Абад шаарында эртең, 25-сентябрда саат 08:00дөн 17:00гө чейин Р.Азимов, Кугартская, Фуркат, Бакыт, Тепличная, Малабаев, Фабричная көчөлөрүндө, Манас проспектисинде газ берүү токтотулат”, Бул аймактарда газ түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ишкана шаардыктарды жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууга чакырат

Пикир

Оставить комментарий