• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад: Эс алуу жайларында отургучтар жана урналар орнотулууда

Аймак 0

Бишкек, 23.04.18 /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын эл көп каттаган эс алуу аянттарына, аллеяларга кошумча отургучтар жана тазалыкты камсыз кылуу үчүн урналар коюулуп, шаардыктар үчүн ыңгайлуулуктар жаратылууда. Бул тууралуу шаардык Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинен билдиришти.

Маалыматта билдирилгендей, шаардын эл көп каттаган борбордук Эркиндик аянтында жана бир катар аллеяларда шаардыктардын жакшы эс алышы үчүн кошумча ыңгайлуулуктар жаралууда.

"Биздин департамент аркылуу шаарда кооздукту жана ыңгайлуулукту камсыз кылуу чаралары жүрүп жатат. Бул максатта шаар бюджетинен 400 миң сом акча каражаты каралган болчу. Биз тендер жарыялап, аны “Залкар энергострой” жоопкерчилиги чектелген коому өзүнүн 279 миң 800 сомдук долбоору менен утуп алган. Азыр эс алуу жайларында отургучтарды жана урналарды орнотуу иштери жүрүүдө", - дейт шаардык Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин инженери Рашид Назаралиев.

Эскерте кетсек, ушул тапта Жалал-Абад шаарында негизги Пушкин жана Чехов көчөлөрүн кеңейтүү, калкты суу менен камсыз кылуу тармагын реабилитациялоо, газ түтүктөрүн жаткыруу иштери да жүрүп жатат. Быйылкы инфраструктуралык кайра куруу иштерине шаар бюджетинен 175 миллион сомдон ашуун каражат каралган.

Пикир

Оставить комментарий