• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад: ички инвестиция секирик жасады

Аймак 0

Бишкек, 17.04.18 /Кабар/. Жалал-Абад шаарында быйылкы жылдын биринчи кварталындагы тартылган ички инвестциянын көлөмү өткөн жылга караганда 923,9 пайызга өскөн. Бул тууралуу шаар мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.

Тактап айтканда, өткөн жылдын биринчи кварталында шаарга тартылган ички инвестициянын көлөмү 266,1 миллион сом болгон. Ал эми быйылкы жылдын биринчи чейрегиндеги тартылган ички инвестициянын көлөмү 2 миллиард 458 миллион 500 миң сомду түздү. Көрүнүп тургандай, 2 миллиард 192,4 миллион сомдук айырмачылык болгон.

Ушундай эле тышкы инвестициянын көлөмү да артып барат. Мисалы, өткөн жылы биринчи кварталда тартылган тышкы инвестициянын көлөмү 426,2 миллион сом болсо, быйылкы жылдын биринчи кварталында ал 889,2 миллион сомго жетти. Демек, 463 миллион сомдук инвестициялар көбүрөөк тартылып, өсүү темпи 208,6 пайызга жеткен.

Пикир

Оставить комментарий