• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад: Ири соода маркеттери калк саламаттыгына кандай кам көрүүдө?

Аймак 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри МураталыТагаев калаадагы ири соода маркеттеринин азыркы учурда кандай тартипте алып барып жатканы менен таанышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэр Фрунзе, Азык Ордо, Ак-Бата соода жайларына барып, кызматкерлердин санитардык эрежелерди сактоодогу кемчиликтерине туш болду.

Атап айтканда, кассада узун кезек күткөндөр бир метр аралыкты сактаган эмес. Ал эми айрым кызматкерлер медициналык колкапсыз иштеп жатышкан. Бул жагдайдан улам шаар башчысы аталган жайлардын жооптуу адамдарына катуу эскертүү берди. Кактын ден соолугуна кам көрүүдө коюлган талаптар аткарылбаса олуттуу чаралар көрүлөрүн билдирди. Ал эми маркет кызматкерлери кетирилген кемчиликтерди жөнгө салышаарын убадалашты.

Бул аракеттер калктын саламаттыгын сактоо жана соода жайларындагы санитардык эрежелерди жакшыртуу максатын көздөйт. Мэрдин мындай күтүүсүз текшерүүлөрү дагы улантылат.

Пикир

Оставить комментарий