• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад: Көчөлөрдү кеңейтүү иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын борбордук бөлүгүндөгү Жусупбек Бакиев көчөсүн кеңейтүү иштери башталды. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жол боюндагы көп жылдык дарак тамырлары алынып, буга чейинки басылган эски асфальт тазаланууда.

Иш ыргагы менен калаа башчысы Мураталы Тагаев барып таанышты. Анда аталган жол отуз жылдан ашуун аралыкта бир да жолу жетишээрлик деңгээлде оңдоп-түзөөдөн өткөрүлбөгөндүгүн баса белгиледи. Ага ылайык тийиштүү мекемелерге иштин сапаттуу аткарылышына кылдат көңүл буруу керектигин эскертип, убактылуу тоскоолдук жаралганы менен шаар тургундарынын көп жылдык түйшүгү жеңилдээрин кошумчалады.

Кеңейтилип жаткан Жусупбек Бакиев көчөсү шаардын борборундагы Пушкин, Нагима Айтматова, Барпы Сейил жана башка бир канча ири көчөлөр менен кесилишип, анда автоунаа жана жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылы токтобойт.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарындагы Жусупбек Бакиев көчөсүнүн узундугу 1100, туурасы 8 метрди түзөт. Жол куруу иштери аяктаган соң анын туурасы 14 метрге чейин кеңейтилмекчи. Ага шаар казынасынан жалпы 47 миллион сом акча каражаты каралган болсо, тендердик наркы 36 миллион 511 миң сом деп бааланган. Жумуш иштерин Маклер –фетва жоокерчилиги чектелген коому аткарууда.

Пикир

Оставить комментарий