• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад: Көк-Арт дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, кырсыктын алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. Жалал-Абаддагы Көк-Арт дарыясында суунун деңгээли кескин түрдө көтөрүлүп, бир нече тосмого кооптуулук жаралды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, табигый кырсыктын алдын алуу максатында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов жана ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгын башчысы Абдулнасир Закиров облустагы түзүмдүк бөлүктөрдүн башчыларына ыкчам чара кабыл алуу тапшырмасын койду.

Андан сырткары, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев кырдаалды жеринен көрүп, тосмо бекемдөөгө жумшалуучу таш маселесин чечип берүү аракетин көрөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, аталган тосмо Ынтымак көпүрөсүн жана 4, 10-дамбаны сактап калуу максатында курулган.

Пикир

Оставить комментарий