• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад: Өкүл Ноокен районундагы көп балалуу энелерге орден-медалдарды тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 2-июнь күнү Ноокен районундагы көп балалуу энелер «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» төш белгиси менен сыйланышты. Бул тууралуу өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, сыйлыкты облус башчысы Нурболот Мирзахмедов тапшырып, энелерди ар дайым сыйлап, баркына жете билүү керек экенин баса белгиледи.

«Бейиш-эненин таманынын алдында», деп бекеринен айтылбаса керек. Эне бул тынчтыктын, сабырдуулуктун, мээримдүүлүктүн символу. Энелердин мээримине эч бир жылуулукту салыштырууга болбойт. Дайыма ушундай сый үстүндө, ден соолукта болуп, узак өмүр сүрүңүздөр», - деди Мирзахмедов.

Жалал-Абад облусу боюнча «Баатыр эне» ордени менен 270 эне, «Эне даңкы» медалы менен 112 эне сыйланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймагындагы көп балалуу энелерди «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө Жарлыктарга кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий