• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад: Көрнөк-жарнактардан түшүүчү киреше көбөйдү

Аймак 0

Бишкек, 13.10.17 /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин жарнак жана дизайн бөлүмүнүн билдиришинче, быйылкы жылы шаардагы көрнөк-жарнактардан түшүүчү киреше кыйла көбөйдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма соз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, быйылкы жылдын 9 айы ичинде шаардык казынага 1 миллион 423 миң 700 сом киреше келип түштү жана планды аткаруу 113 пайызды түзүп, пландагыдан 163 миң 700 сом көп жыйналган. Жарнак жана дизайн бөлүмүнүн башкы адиси Мырзабек Камбаровдун айтымында, бир нече жыл мурун көрнөк-жарнак илүүчүлөр бул максатта акы төлөөдөн баш тартып да келишкен. Бирок, ишкерлер менен такай иштешүү, түшүндүрүү иштерин алып баруу аркылуу жакшы натыйжалар келип чыкты.

"Муниципалдык менчикте турган аймактарда көрнөк-жарнактарды илүүнүн маданияты бизде улам жогорулап баратат. Биз шаарыбыздын казынасына пайда келтирүү менен гана чектелбей, шаардын кооз болушуна да салым кошобуз. Сырттан келген кишинин көзүнө дароо эле илинген көрнөк-жарнактар түшөт.
Ошондуктан, бул маселеге биз олуттуу карап келебиз", - дейт ал.

Эскерте кетсек, шаардык Муниципалдык менчикти башкаруу комитети тарабынан быйылкы жылдын 9 айында муниципалдык мүлктүн эсебинен шаар казынасына 10 миллион 417,4 миң сом келип түшкөн. Бул пландагыдан 350,7 миң сомго көптүк кылат.

Пикир

Оставить комментарий