• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад: Канализация түтүктөрүндө ойноп, чыгалбай калган окуучу куткарылды

Аймак 0

Бишкек, 18.04.18. /Кабар/. Жалал-Абал шаарынын Курманбек көчөсүндөгү жолдун жээгинде жайгашкан канализация кеткен түтүктөрдө мектеп окуучулары ойноп жатып, бирөө чыга албай калган.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, окуя кечээ, 17-мартта болжол менен саат 12:25 чамасында болгон.

“Түшүп кеткен мектеп окуучусун КР ӨКМнин №58-өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары чыгарышып, баланы ата-энесине тапшырган. Бала эч кандай жаракат алган эмес”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий