• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад: Китепканаларга 1695 китеп берилди

Аймак 0

Бишкек, 29.09.17 /Кабар/. Өлкөдө өткөрүлүп жатан "Бирге окуйбуз" долбоорунун алкагында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин колдоосу менен Жалал-Абад облусундагы 11 китепканага балдарга арналган кыргыз тилиндеги 1695 китеп белекке берилди. Бул тууралуу облустук китепкананын директору Сейилкан Аталиева билдирди.

Анын айтымында, "Бирге окуйбуз" долбоорунун алкагында Жалал-Абаддагы китепканаларга биринчиден төртүнчү класстарга чейинки окуучуларга арналган кыргыз тилиндеги кыргыз жана чет элдер адабияттары, балдар үчүн атайын чыгарылган китептер тапшырылды. Бул долбоор өлкө боюнча өткөрүлүп, анын алкагында жалпы 85 китепкананын фонду балдар чыгармалары менен толукталды.

“Негизинен китепканаларда балдарга арналган кыргыз тилиндеги чыгармалар аз. Ошондуктан мындай долбоорлордун балдарды китеп окууга тартууда пайдасы чоң. Жакынкы күндөрдө биздин облустук китепканада 1-4-класска чейинки окуучулар арасында да аталган долбоордун алкагында кароо-сынак өткөрүү алдында турабыз. Ал эми шаар аймагында 6 китепкана болсо, алардан бирөө балдар китепканасы дейт, - С. Аталиева.

Эске салсак, “Бирге окуйбуз” долбоору текст окууну үйрөтүүнүн жаңы ыкмаларын киргизүү жана окууну коомчулукта жайылтуу аркылуу 1-4-класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн жакшыртууга багытталган. Долбоор башталгыч класстардын 265000ге жакын окуучуларын камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий