• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад: Кой-эчкилердин бруцеллездон коргонуу жөндөмдүүлүгү жогорку деңгээлде

Аймак 0

Бишкек, 18.04.18 /Кабар/. Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институту тарабынан өткөн жылдын аягында Жалал-Абад облусунда жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, бруцеллезго каршы Рев-1 вакцинасы менен эмделген кой эчкилер арасында иммунитеттин денгээли жогору болгону тастыкталды,тагыраак айтканда кой-эчкилердин бруцеллездон коргонуу жөндөмдүүлүгү жогорку деңгээлде. Бул тууралуу КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди.

Маалымдалгандай, лабораторияда изилденген 382 кан үлгүсүнүн 344-дө (87,4%) бруцеллездун иммунитети бар болгон. Ошентип, кой-эчкилердин бруцеллез ылаңына каршы эмдөөнүн натыйжасында коргонуу жөндөмдүүлүгү орточо эсеп менен алганда Жалал-Абад облусу боюнча 87,4% түздү. Натыйжада, бруцеллез боюнча республикада стабилдүүлүк сакталууда.

Бул изилдөө “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1” долбоору тарабынан ишке ашырылып жаткан бруцеллезго каршы күрөшүү программасынын алкагында жүргүзүлгөн. Аталган институт долбоордун аткаруучу мекемелеринин бирине кирет.

Жыл сайын КНИИВдин кызматкерлери тарабынан бир катар облустарда кой эчкилер арасында бруцеллез ылаңына каршы эмдөө жүргүзүүнүн натыйжалуулугу текшерилип келет.

Пикир

Оставить комментарий