• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад: “Колдоого алынган муун, кепилденген келечек”

Аймак 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Ак-Жол балдарды комплекстүү реабилитациялоо жана үй-бүлө тибиндеги Ак-Бермет балдар үйүнүн тарбиялануучулары менен дин кызматкерлери жана ийгилик жараткан спортчулар жолугушту. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, саамалык шаардагы китеп сүйүүчүлөрдүн аянтчасында өтүп, анда балдар өздөрү кызыккан китептерди окууга мүмкүнчүлүк алышты. Ага Азия чемпиондору Каратэ-До боюнча Кылычбек Адинабеков жана эрежесиз эр уруш чебери Чыңгыз Бегматовдор катышты. Алар балдарды сергек жашоого үндөп, спортту сүйүүгө чакырышты. Андан сырткары дин кызматкерлери таалим-тарбия жана адеп-ахлакка балдарды ыйманга үндөп, сый тамак үстүндө баарлашышты.

Бул иш-чара 2020-жыл “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында Жалал-Абад шаардык мэриясы менен социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий