• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад: Коомдук тамактануучу жайларга байланыштуу чечим өзгөрүүсүз калды

Аймак 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында коомдук тамактануучу жайларга байланыштуу чечим өзгөрүүсүз калды. Аларга буга чейинкидей эле кечки саат 20:00гө чейин гана иштөөгө болот. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, кечки саат 20.00дөн кийин жеткирип берүү (доставка) кызматын колдонууга, кардарлардын алып кетүүсүнө (с собой) уруксат берилди. Мындай чечим шаардык штабдын отурумунда кабыл алынды.

Тамактануучу жайлардын ишин көзөмөлдөө багытында рейддер улантылат.

Белгилей кетсек, буга чейин өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Жалал-Абад шаарында бир катар чектөөлөр киргизилген. Анын ичинде калаадагы тамактануучу жайлардын иштөө тартибине өзгөртүү киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин иш жүргүзүүгө тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий