• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абад: Коомдук транспортторго видеокөзөмөл орнотулат

Аймак 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы коомдук транспортторго видеокөзөмөл орнотулат. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта жүргүнчү ташуучу каттамдар электрондук онлайн көзөмөлгө өтөт.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 7-октябрында бул боюнча өкмөттүн атайын токтому кабыл алынган. Учурда тиешелүү мекемелер тарабынан керектүү иштер жасалып, айдоочуларга маалыматтар жеткирилүүдө.

«Жолдо жүрүү жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо максатында көрүлүп жаткан бул аракеттер калаадагы жүргүнчү ташуучу каттамдардын менчигинин түрүнө карабай жүзөгө ашырылат. Андагы видео жазмалар атайын базага чогултулат. Өкмөттүн токтомуна ылайык, жергиликтүү бийлик муниципалдык жүргүнчү ташуучу каттамдардын гана электрондук режимге өтүүгө керектелүүчү каражаттарын камсыздайт», - деп кошумчалашты мэриянын басма сөз кызматынан.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарында 13 жүргүнчү ташуучу каттам бар. Мындан тышкары, муниципалдык автобустар да иштейт.

Пикир

Оставить комментарий