• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад курорту өзүнчө эле мамлекет ичиндеги мамлекетке айланып алыптыр - депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18-май /Кабар/. Жер-жерлердеги экономика маселелерин жана калктын социалдык көйгөйлөрүн чече турган жетекчилер өзүнүн түз милдетин аткарбай эле, жалаӊ шайлоо менен алектенип калды. Өкмөт алардын тизгинин тартып, теӊчиликти камсыз кылышы керек. Бул тууралуу депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊеш жыйынында билдиргендигин парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Мисалы, Жалал-Абад курортун алалы. Жакында жаӊы жетекчи дайындаганы барышса, эшикти тосуп алып, киргизбей коюшуптур. Ал жай өзүнчө эле мамлекет ичиндеги мамлекетке айланып алыптыр. Көрсө, текшерүү жүрүшүндө курорттун мурдагы жетекчиси мекеменин каржысын каалагандай чачып, 12 млн сомго чейин карызга батырган экен. Мундай жосундарга каршы иштиктүү чараларды көрүүгө мезгил жетти», - дейт депутат.

Пикир

Оставить комментарий