• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад: Маданий мекемелердин, тойканалардын иштөөсүнө уруксат берилди

Аймак 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаардык штабынын жыйыны өтүп, бир нече чечим кабыл алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы маданий мекемелердин иштөөсүнө уруксат берилди. Калаа аймагында жайгашкан Барпы театрына, Т.Тыныбеков атындагы облустук филармонияга, музейге, маданият сарайына киргизилген чектөөлөр алынды. Бул мекемелер адамдын санын чектөө шарты менен санитардык эрежелерди сактап иштесе болот.

Аны менен катар калаадагы тойканалардын иштөөсүнө да уруксат берилди. Бирок санитардык талаптарды так аткарып, орундуктардын санын кыскартуу талабы коюлду.

Жалал-Абад шаарында илдеттин көрсөткүчү мурункуга салыштырмалуу басаңдады. Акыркы учурда күндүзгү стационарга кайрылгандардын саны азайгандыгына байланыштуу стационар жабылды.

Пикир

Оставить комментарий