• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад маданият техникумуна жаңы жетекчи дайындалды

Аймак 0

Бишкек, 28.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад маданият техникумуна Асира Амиракулова жетекчи болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка маданият министри кол койгон.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жаңы жетекчини маданият министри Алтынбек Максүтов жалпы жамаатына тааныштырды.

Амиракунова Асира 1978-жылы Ош областынын Кара-Кулжа районунун Ак-Кыя айылында туулган.

1995-2000-жылдары Бишкек гуманитардык университети «Китепкана кызматы, маалымат берүү кызматтардын референти» адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

2000-2005-жылдар аралыгында Жалал-Абад маданият техникумунда иш жүргүзүү, библиография сабагынан мугалим;

2005-2011-жылдары КР президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында, Кадрларды кайра даярдоо кафедрасынын Түштүк аймагы боюнча штаттан тышкары окутуучу;

2011-2020-жылдары Жалал-Абад маданият техникумунда “Маалыматтык база”, “Иш жургүзүү” сабактарынан мугалим, цикл башчы, кадрлар бөлүмүнүн башчысы;

2020-2023-жылдары Жалал-Абад маданият техникумунда директордун окуу тарбия иштери боюнча орун басары болуп эмгектенип келген.

Пикир

Оставить комментарий