• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад мамлекеттик телерадиокомпаниясында маалымат борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 14-июль /Кабар/. Жыйырма беш жылдан ашуун тарыхы бар Жалал-Абад мамлекеттик облустук телерадио коппаниясы биринчи жолу өүнүн маалымат борборун ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат борборунун ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдыев жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Иш чаранын жүрүшүндө облус башчысы ЖМТРКнын эмгек жамаатын жакшы саамалык менен куттуктап, аларга ийгиликтерди каалады.

"Бүгүнкү күнү облусубуздун жүзү болгон ЖМТРКда жакшы бир саамалык болууда. Албетте, бул жакшы көрүнүш. Чындыгында, студиялардын жаңыланганын көрүп бир топ ичим жылыды. Мындан сырткары, маалымат жыйын өткөрүлө турган зал абдан мыкты экен. Мына ушул жерден облустагы жакшы жетишкендиктер тууралуу маалыматтар чар тарапка таркатып турушуна тилектешмин", - деди К. Сатыбалдиев.
Белгилей кетсек, жыл башынан бери мамлекет тарабынан аталган телерадиокомпанияны оңдоп-түзөө үчүн 400 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Ал эми аталган Жалал-Абад мамлекеттик облустук телерадиокомпаниясы 1991-жылы 8-декабрда негизделип, бүгүнкү күнгө чейин облус, республика калкына маалымат таркатып келет. Азыркы тапта ЖМТРКда 36 кызматкер штаттык негизде эмгектенип жатат.

Пикир

Оставить комментарий