• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад: медициналык окуу жайы Кытай медколледжи менен кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 28.11.17 /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы медициналык колледж Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу шаарындагы медициналык колледжи менен өз ара кызматташуу келишимин түзүп, заманбап медициналык кадрларды даярдап чыгаруу боюнча жаңыча кадам таштады. Бул тууралуу аталган окуу жайынын директору Салахидин Мусаев билдирди.

Анын айтымында, кытайлык медициналык колледж өнүгүү жагынан кыйла алдыда болгону үчүн ал жактагы тажрыйбаны жана болочок медициналык кызматкерлерди ал жакта даярдоо мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу максаты бар.

“Алар бизге караганда бир топ өнүгүп кеткенине күбө болдук, бизден 20 жылдай алдыда баратат десем да болот. Мугалимдер, студенттер үчүн шарт, жагдай мыкты каралган. Студенттер жатакана менен толук камсыз болгон, үч маал тамак берилет. Окуусу, жатаканасы, тамагы - баары акысыз, өкмөттүн эсебинен.Келишимдин негизинде алар он-он беш студенти акысыз окутуп берели, бардык шарттарды түзүп берели деп чакыруу жөнөтүп жатышат. Тилекке каршы, төмөнкү эки себептен улам биз өзүбүз баралбай жатабыз. Биринчиден, биздин студенттердин ата-энелери балдарын алыска жөнөткүсү келбей жатышат. Экинчиден, тил маселеси тоскоолдук келтирүүдө. Анан каржы жагы да көйгөй жаратууда, себеби чек ара, виза, Кытайга баруу чыгымдарынбиздикилер өзү көтөрүшү керек. Калган баардык чыгымдар алардын эсебинен болмок”, - дейт ал.

Азыр Жалал-Абад медколледжи кытай тилин үйрөтүүчү курс ачуу үчүн шаардагы жердеги Конфуций институту менен макулдашып, студенттер менен да жолугушуу уюштурду. Буюрса, бул максатты толук ишке аша турганы анык. Ошондой эле Жалал-Абад медколледжи студенттерди окутуу үчүн Кытайдагы Нанькин медициналык университети менен дагы үч жылга келишим түзүп жатат. Бул Кыргызстандагы медколледждер арасында биринчи жолу болуп жатканы менен баалуу.

Жалал-Абад медициналык колледжи 1939-жылдын 26-мартында шаардагы медициналык мектеп катары ачылган. 1954-жылы медициналык окуу жайы (училище) болуп өзгөргөн. Кайрадан эле 2009-жылы Жалал-Абад медициналык колледжи болуп аталып калды. Түштүк Кыргызстандагы алгачкы окуу жайлардьн бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө 30 миңден ашык ак халатчан кесип ээлерин даярдады. Бүтүрүүчүлөрдүн арасынан эмгектин алдыңкылары, саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкерлери миңдеп саналат.

Пикир

Оставить комментарий