• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жалал-Абад: Мейманканалардын кирешеси артып жатат

Аймак 0

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. Өткөн жылы Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын, туристтик объекттердин кирешелери 1,6 пайызга өсүп, бюджетке чегерүүлөр көлөмү да өскөн. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, шаардагы туристтик объекттердин инфраструктурасын жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча бир катар жумуштар аткарылган. Бирок, шаарга келген туристтердин саны мурдагы жылга караганда азайып кеткен. Мисалы, 2015-жылы шаарга 19 миң 89 турист келген болсо, 2016-жылы 16 миң 775 турист келип, кѳрсѳткүч 87, пайызды түздү.

Бирок, шаарда келген конокторду жакшы кабыл алып, сапаттуу тейлөө жагы мейманканалар тарабынан колго алынууда. Ошого жараша алардын кирешеси жана жергиликтүү бюджетке чегерүүлөр да сүп жатат. Мисалы, шаарда жайгашкан мейманканалардан 2015-жылы 13 миллион 194,4 миң сом бюджетке чегерилген болсо, 2016-жылы шаардагы туристтик объекттер тарабынан 13 миллион 411,6 миң сом бюджетке чегерилип, салыштырмалуу өсүү темпи101,6 пайызды түздү.

Пикир

Оставить комментарий