• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад: Мектептер окуучуларды кабыл алууга даярдалууда

Аймак 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы бардык мектептер, класстык бөлмөлөр залалсыздандырылып жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, дезинфекциялоо иштери өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан жүргүзүлүүдө.

“Өкмөттүн чечимине ылайык 2-6-класстын окуучулары 6-октябрдан тартып билим алуусун мектептен улантышат. Ага карата балдардын ден соолугуна коркунуч жаралбай турган шарттар түзүлүүдө. Ар бир мектепке санитардык коргоочу каражаттар коюлган. Окуучулардын дене табы күн сайын өлчөнүп турат. Мугалимдер, окуучулар беткап тагынып, аралыкты сакташат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Сабактарды өткөрүүдө да өзгөчөлүктөр болот. Турмуш-тиричилик коопсуздугу, мекен таануу, адеп, дене тарбия сабактары таза абада уюштурулат.

Шаар боюнча 24 миң 625 окуучу бар. Алардын ичинен 2 миң 884 окуучу 1-класстын окуучулары. Ал эми 2-класстан 6-класска чейинки окуучулардын саны 14 миң 23тү түзөт.

Пикир

Оставить комментарий