• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жалал-Абад мектептеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад мектептеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери мэрия, билим берүү жана социалдык өнүгүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте мектептерде кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

ШИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан жана ар түрдүү кырсыктардан алыс болууга чакырышты. Социалдык тармактар аркылуу такталбаган маалыматтарды таратпоого, бөлүшпөөгө, интернет желесинен позитивдүү маалыматтарды окууга жана көрүүгө үндөштү. Таң эрте тайгак жолдордон этият болуп, акырын басуу керектиги жана түнкү убакыттарда себепсиз көчөгө чыкпоо зарылдыгы жеткирилди.

Мындан сырткары милиция кызматкерлери окуучуларды татыктуу тарбия жана мыкты билим алууга чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий