• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абаддын мэри шаардагы курулуштардан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Жалал-Абаддын мэри Эрнисбек Ормоков шаардагы курулуштардан кабар алды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр Аюп-Тоо тоосуна курулуп жаткан "Жалал-Абад" стелласынын курулушу менен таанышты. Аталган жайга бийиктиги 50 метрди түзгөн туу орнотулуп, айланасын көрктөндүрүү, жарыктандыруу, отургучтарды орнотуу иштери жүргүзүлөт.

Андан соң, шаар башчысы 2023-жылы реконструкция боло турган Ленин көчөсүндөгү кароосуз калган скверге барып, жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, Ленин көчөсүндөгү гүлбакча 8063 чарчы метрди түзөт. Аталган жай жергиликтүү бюджеттин эсебинен толугу менен реконструкциядан өткөрүлүп, веложол, тротуар, жарыктандыруу, жөө адамдар жүрүүчү жол, унаа токтотуучу жайлар курулат.

Пикир

Оставить комментарий