• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жалал-Абадда экологияны жакшыртуу, туризм багытын өнүктүрүү маселелери талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Өнүктүрүү прогроммасынын туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Риза менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Жалал-Абад шаарында экологияны жакшыртуу, туризм багытын өнүктүрүү, жаштар саясаты, коопсуздук сыяктуу маселелер талкууланды. Ошондой эле эки тараптуу бир катар долбоорлорду ишке ашыруу максаттуу экендиги айтылды.

Жалал-Абадда өнүгүү үчүн бардык шарттар бар экенин белгилеген Моника Ризал жакынкы 5 жыл аралыгында алдыда чогуу көп иштер жасала тургандыгын айтты.

Ал эми калаа башчысы жергиликтүү бийлик шаардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууда аталган уюмдун өнүктурүү долбоорлору менен тыгыз иштешүүгө ар дайым даяр экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий