• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад мэри быйыл оңдоло турган көчөлөрдү кыдырды

Аймак 0

Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков 2023-жылы курулуш жүрө турган объектилерди кыдырып, жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр алгач, шаарга кирүүчү негизги жолдордун бири болгон Назаров көчөсүнө барды. Аталган көчө быйыл жергиликтүү бюджеттин эсебинен реконструкциядан өткөрүлөт.

Андан соң Максим Горький көчөсүндөгү тротуардын курулушунан кабар алды. Аталган көчөгө жергиликтүү бюджеттен узундугу бир чакырым, туурасы 2 метрди түзгөн тротуар курулуп жатат.

Шаар мэри кыдыруусун реконструкциядан өтө турган Токтогул көчөсүндөгү аллеядан жыйынтыктады.

Пикир

Оставить комментарий