• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абад мэри Ч.Айтматов аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Коом 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-апрелде Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Ч.Айтматов аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолукту. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда жергиликтүү жашоочулар тарабынан турак жайларга менчик укугун алуу (кызыл китеп), жол куруу, ичүүчү суу тартуу, жол четине тротуар жаткыруу сыяктуу бир топ коммуналдык жана социалдык көйгөйлөр айтылды.

Шаар мэри учурда элди түйшүккө салып жаткан жерлерди трансформациялоо, мыйзамсыз курулган жана басып алынган жерлерди мыйзамдаштырып берүү маселеси боюнча иштер жүрүп жатканын, атайын иштелип чыккан жобо келери менен жарандарга мыйзам чегинде документтерди берүү башталарын белгиледи.

Ошондой эле коммуналдык тармакка тиешелүү маселерди жетекчилерге жеринде карап чыгып, кыска мөөнөттө чечип берүү боюнча тапшырмаларды берди.

Белгилей кестек, шаар мэри 25-апрелден 27-апрелге чейин шаардагы 5 аймактык башкармалыктын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий