• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад мэри Эрнисбек Ормоков БУУнун өкүлү Улзийсурен Жамсран менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда гендердик теңчиликтин алкагында мындан ары өз ара кызматташууну улантуу маселелери талкууланды.

Жолугушууда шаар башчысы аялдардын коомдогу ордун көтөрүү, ар тараптан колдоо көрсөтүү багытында тийиштүү аракеттер жүрүп жатканына токтолду. Мисал катарында зомбулукка дуушар болгон аялдарды коргоого алган шаардык мэриянын алдындагы “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү” кайрымдуулук борборунун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди. Бул багытта дагы да аракеттерди күчөтүү максатындагы пландар менен бөлүштү.

Мэр тең укуктуулукту сактоодо жакында өтүүчү шаардык кеңештин шайлоосунда да талапкер айымдар 30 пайыздан кем эмес көрсөтүлүп жатканын кошумчалады. Аны менен бирге аялзатынын саясий, социалдык-экономикалык, маданий жана башка чөйрөлөрдөгү активдүүлүгүн ашырууда керектүү иштер улантыла турганын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий