• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абаддын мэри Эрнисбек Ормоков Германиянын элчиси менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 22-ноябрда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил менен жолукту. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда социалдык-экономикалык жана гуманитардык алакалар боюнча кеңири сөз болду.

Элчи өз сөзүндө Жалал-Абад кооз жана жашыл шаарга айланарына тилектеш экенин билдирип, калктын саламаттыгы жана билим берүү жаатында Германия өлкөсү Кыргызстан, анын ичинде Жалал-Абад шаары менен мындан ары да тыгыз кызматташа турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, Жалал-Абадда Германия Федеративдүү Республикасынын каржылоосу менен калкка ар кайсыл тармакта колдоо көрсөткөн бир катар фонддор иш алып барып келет.

Пикир

Оставить комментарий