• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад мэри шаар кыдырып, көйгөйлөрдү жеринде талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. Кечээ, 18-майда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жетекчилер менен бирге шаар кыдырып, көйгөйлөрдү жеринде талкуулап, бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кыдыруунун жүрүшүндө мэр көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын иши менен таанышып, социалдык тармактарда сынга кабылган, шаардын бир нече көчөсүнө тигилген туя брабант көчөттөрүн жеринде көрдү.

Ормоков көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын жетекчисине куураган көчөттөр боюнча жоопкерчилигин эскертти.

Ошондой эле мэр бак-дарактарды бутоо, жол жээктериндеги өскөн чөптөрдү тазалоо боюнча да алгылыктуу иш жүрбөй жатканын белгилеп, кемчиликтерин жоюу тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий