• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад мэри жарандарды кабыл алып, көйгөйлүү маселелерин укту

Аймак 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда шаар мэри жарандардын көйгөйүн угуп, тийиштүү жетекчилерге мыйзам чегинде маселелерин чечип берүү боюнча тапшырмаларды берди.

Мэрге шаар тургундары турак жай маселеси, материалдык жардам көрсөтүү, шаардагы ички көчөлөргө жарыктандыруу киргизүү жана социалдык жөлөкпул алуу, өздүгүн тастыктоочу паспорт алуу сыяктуу көйгөйлөр менен кайрылууда.

Белгилей кетсек, шаар мэри Эрнисбек Ормоков ар аптанын бейшемби күнү жарандарды кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий