• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жалал-Абад мэри Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 28-ноябрда Жалал-Абад шаарынын башчысы Эрнисбек Ормоков жарандык милдетин аткарып, №2400 шайлоо тилкесинде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаар мэри Жалал-Абад шаарындагы 25 шайлоо тилкесинде добуш берүү мыйзам чегинде жүрүп жатканын билдирип, жарандарды добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 51 миң 434 шайлоочу бар. Ал эми Жалал-Абад округу боюнча 106 миң 565 шайлоочу катталган.

Пикир

Оставить комментарий